• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Тормозни-сникерсни!»… Ташиев ун маселесин көтөргөн депутаттарга жооп берди

21 Аяк оона 2023 17:15 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынан орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ундун баасынын көтөрүлүшү тууралуу нааразы пикирлерин айтып чыккан ЖК депутаттарына жооп берип, соцтармак баракчасына билдирүү жазды.

«Ундун баасы боюнча көтөрүлүп кетти деп «хайп» кармаган депутаттарга айтаарым баа көтөрүлбөйт, мамлекетте кошумча чаралар көрүлгөн. Туура казактардын унунун баасы көтөрүлдү, ал бизден көз каранды эмес жана элибизге эч кандай зыян алып келе албайт.
1-сорт ундун баасы 30 с/кг, бир кап ун 1500 сом, жакын арада мындан да төмөндөшү мүмкүн, себеби арзан баада камдап койгон буудайларыбыз кийинки түшүмгө чейин жетет. Өсүмдүк майы, кумшекер да жетиштүү, баалар көтөрүлбөйт! Мамлекетибиздин азык түлүк коопсуздугу жетиштуу камсыздалган. Так что ЖК депутаттары Маматалиев, Икрамов тормозни-сникерсни!», — деп жазган Ташиев.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин 21-сентябрдагы жыйынында аткаруу бийлигинин тамак-аш коопсуздугу боюнча кышка даярдыгын угууну сунуштады. Ал базарда ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып, буга өкмөттү айыптаган. Ушул эле жыйында депутат Марлен Маматалиев да баалардын көтөрүлгөнү тууралуу сөз кызып, тийиштүү органдарды көп ойлонбой ишке тез арада өтүүнү айтты.

19-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат базарда нандын, ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып чыккан. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын айткан.

Мындай талкуулардан кийин Бишкек шаарында ун сатуу боюнча атайын жармаңкелер 20-сентябрдан тарта иштей баштады. Монополияны жөнгө салуу кызматы билдиргендей, жармаңкеде 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы 30 сомдон ашпашы керек. Экономика жана коммерция министрлиги бир кап ундун баасын 1500 сом деп бекиткенин кабарлаган.

Количество просмотров: 1089