• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Ташиев чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшырды

12 Аяк оона 2023 14:24 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында УКМК Чек ара кызматынын 2026 жана 2031 аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлерине батирлердин ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жаңы батирлердин ачкычтары 36 аскер кызматчынын үй-бүлөлөрүнө берилди. Төрт кабаттуу үй аскердик шаарчанын аймагында курулган. 36 батирлүү үйдүн курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, жаңы турак жай комплексинде көмүр сактоочу кампа менен өзүнчө откана, балдар үчүн аянтча жана унаа токтотуучу жайы каралган. Үй жеке долбоор менен курулуп, батирлердин орточо аянты 62-87 чарчы метрди түзөт.

Иш-чарага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, аскер бөлүктөрүнүн колбашчылыгы жана өздүк курамы, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү жана Чек ара кызматынын ардагерлери катышты.

Өз сөзүндө Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны бекемдөө, өлкөнүн жана жалпы аймактын чек ара коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.

“Мекен чегинин сакчыларынын социалдык көйгөйлөрүн чечүү маселеси ар дайым Кыргызстандын президентинин көңүл борборунда, ошондой эле аскер кызматчыларынын кызмат өтөөсү үчүн жана алардын үй-бүлөлөрүнүн турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга жалпы өлкө жетекчилиги тарабынан зарыл болгон чаралар көрүлүп келүүдө. Ага бүгүнкү иш-чара айкын мисал болуп турат”, — деди УКМК башчысы.

Количество просмотров: 218