• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ташиев чек арада курман болгон жоокерлердин элесине китеп чыгаруу демилгесин көтөрдү

11 Үчтүн айы 2023 16:51 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон жоокерлердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча китеп чыгаруу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев кеңешме өткөрүп, анда ведомствонун башчысы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда каза болгон жоокерлерди түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырды.

«Жыйында биринчи кезекте Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кагылышууда курман болгон аскер кызматкерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча китеп чыгаруу тапшырмасы берилди. Окурмандардын (өзгөчө жаш муундардын) патриоттук сезимин жана курман болгон жоокерлерге болгон сый-урматты чыңдоо максатында кагылыш болгон жерлерде түз иш алып баруу, согушка чогуу катышкан жолдоштору, командирлер менен баарлашуу сунушталды. Аталган басылманы республиканын бардык орто мектептерине жана жогорку окуу жайларына таратуу чечими кабыл алынды (Басылманы окуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигине окуу планына өзгөртүү киргизүү боюнча сунушу менен). Ошону менен бирге китепти ишке ашыруу коммерциялык максатты көздөбөшү керектиги айтылды»,-деп айтылат маалыматта.

Жыйындын соңунда Ташиев алдыдагы иштерге өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылууну жана бул демилгенин мамлекеттик маанисин жана маанилүүлүгүн эске алууну тапшырды, ошондой эле ачылышын жарыялоо боюнча иштер 2023-жылдын 31-августуна, акыркы мөөнөтү кыргыз-тажик жаңжалынын бир жылдыгына (2023-жылдын сентябрь) чейин бүтүшү керектиги жарыяланды жана китептердин бет ачары майрамдык маанайда өтөөрүн кошумчалады.

Количество просмотров: 105