• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ташиев: Чек арадагы абал туруктуу, ошол эле мезгилде кооптуу да болушу мүмкүн

2 Бирдин айы 202216:54 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, ошол эле мезгилде кооптуу да болушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда журналисттерге УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Ошол эле учурда анын чыр-чатакка айланып кетишине эч кандай кепилдик жок. Бүгүнкү күндө эвакуацияланган адамдар үйлөрүнө кайтып келишти», — деди ал.

Анын айтымында, чек ара маселелери чечилмейинче чек арадагы чыр-чатактар ар дайым болуп кетиши мүмкүн. Эч ким кепилдик бере албайт, анткени талаштуу жагдайлар көп, деп кошумчалады УКМКнын башчысы.

Количество просмотров: 175