• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ташиев: Чек аранын 150 чакырым жерине зым тартууну пландап жатабыз

18 Бирдин айы 2021 15:37 Бишкек Govori.TV

Быйыл чек аранын 150 чакырым жерине зым тартууну пландап жатабыз. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен эли менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, чек ара кызматы күчтөндүрүлүп, мамлекеттик саясат жүргүзүлөт.

«Жылына демаркация, чек арага зым тартуу 15 чакырым узундукка гана жүргүзүлөт экен. Быйылкы жылга чек аранын 150 чакырым жерине зым тартууну пландап жатабыз. Бул 10 эсе көп. Мындай эч бир жылы болгон эмес», — дейт ал.

Ташиев чек араны бекемдөө жумушунун көпчүлүгү Баткен облусунда жүргүзүлөрүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев Германияда жүрөгүнө операция жасаткан. Бүгүн, 18-февралда ал Кыргызстанга келип, дароо Баткен облусуна учуп кеткен.

Количество просмотров: 105