• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Ташиев: «Депутат Түмөнбаев Көлбаевдин жаназасына барган» деп айтып жатышат

17 Жетинин айы 2023 19:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев кримтөбөл Камчы Көлбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына барганын айткандар бар экенин билдирди.

«Аны эмнеге жазалабайсыңар деген суроолор болуп жатат. Акылбек Түмөнбаев эл шайлаган депутат. Түмөнбаев бүгүн эле иштен кууп жиберчү адам эмес экен. Анын ордунда кайсы бир чиновник болгондо, бир саатта жумуштан кетмек. Аны эл чечсин. Өзүнүн уятына коелу. Өзү кетем десе жакшы болот, иштейм десе өзү билсин. Бирок Түмөнбаевдин Көлбаев менен байланышы чыга элек. Чыккан күнү эле кылмыш иши козголот. Маалымат болсо бергиле», — деди ал.

Азырынча депутат Түмөнбаев бул тууралуу комментарий бере элек.

Количество просмотров: 536