Жогорку Кеңеш 17-ноябрдагы жалпы жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатат.
Анда депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин ортосунда пикир келишпестик жаралды. Бири-биринин дарегине сын айтуу учурунда Ташиев эл өкүлүн сөктү.