• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Ташиев: Эч кандай революция болбойт

8 Теке 2021 17:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-июлда өткөн маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев революция болбой турганын айтты.

«Саясатчылар ар кандай нерселерди айтып жатышат. Күзүндө парламенттик шайлоодон кийин революция болот деп жатышат. Эч кандай революция болбойт. Биз элдик бийлик революцияга жол бербейбиз. Андан көрө өзүбүз кетебиз. Биздин өлкөгө революциянын кереги жок. Кээ бир саясатчылар бийликке жетүү үчүн ар нерсени айтышат экен. Муну башка адамдар колдонуп кетиши мүмкүн. Эгерде мамлекетке зыян келтире турган болсо кайсы саясатчы болбосун жоопко тартууга күчүбүз, духубуз, акылыбыз дагы жетет», — дейт Ташиев.

Количество просмотров: 419