• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Ташиев: Эки айда «Кумтөрдөн» 90 млн. доллар пайда таптык

27 Аяк оона 2021 9:09 Бишкек Govori.TV

Быйыл июнь-июль айында Кумтөрдөн 90 млн доллар пайда тапттык. Мындай пикирин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 25-сентябрда УКМКнын Алай райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

«Кумтөр» алтын кенинен 21 жылда 84 млн доллар пайда түшкөн. Кыргызстан июнь-июль айында «Кумтөр» алтын кенинен 90 млн. доллар пайда тапты. Мына, акчабыз каякта жатат. Кыргызстандын акчасын талап-тоноп эле жеп жатышкан. Биз алардын коррупциялык схемаларын алып чыктык. Биздин мурдагы жетекчилердин барынын коррупциялык системага катыштыгы бар экендиги аныкталды. Өкмөт башчылары, парламенттин спикерлери, депутаттар кошулуп алып мамлекетти талап-тоноп жегенге шарт түзүшкөн. Эгерде «Кумтөрдө» айына 1,5-2 тонна алтын өндүрүлүп жатса, аны ай сайын самолет менен алып чыгып кетип турушкан. Бүгүнкү күндө бир грамм алтын чыккан жок. Ушунун эсебинен Кыргызстаныбыз байып калды, акчасы пайда болду» , — деди Ташиев.

Количество просмотров: 245