Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев эртең, 18-февралда Германиядан Бишкекке учуп келет. Андан ары Ташиев Баткенге сапар тартары күтүлүүдө. Бул тууралуу анын жардамчысы Өткүрбек Абдрахманов Фейсбуктагы баракчасында жазды.
«Урматтуу мекендештер, буюрса, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эртең, 18.02.2021-ж. саат 10:00дө чет мамлекеттен «Манас» аэропортуна учуп келип, дароо саат 11:00дө Баткен облусуна учат. Тийиштүү маселелер жеринде каралат», — деп жазды ал.
Буга чейин, 12-февралда Камчыбек Ташиев Германиянын борбору Берлин шаарындагы бейтапкананын биринде жүрөгүнөн операция болгон. Ташиев жүрөгүнө жасалган операциядан кийин абалы жакшы экендиги айтылган.
Камчыбек Ташиев 2020-жылдын октябрь айынан бери УКМКнын төрагасынын кызматын аркалайт.