• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташиев футбол боюнча улуттук курама команда менен жолукту

8 Аяк оона 202419:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-сентябрда «Мурас Юнайтед» окуу-машыгуу базасында Кыргызстан курамасынын машыгуусу болуп өттү. Машыгуунун алдында Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев оюнчулар менен жолугуп, алдыдагы беттешке ийгилик каалап өттү.

10-сентябрда Кыргызстан-Өзбекстан футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши болот.

Ал эми буга чейин 5-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Ирандын Исфахан шаарында ирандык футболчулары менен ойношуп, 1:0 эсебинде утулуп калган. Бирок бул оюн кыргыз курамасынын деңгээли жогорулап бара жаткандыгын көрсөттү.

Алдыда келе жаткан Өзбекстандын командасы менен боло турган беттештен кыргызстандык футбол күйөрмандары жеңишти гана үмүт кылышат.

Количество просмотров: 145