• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ташиев: Иним мандатын тапшырат

23 Үчтүн айы 2022 11:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Temirov Live каналы жасаган иликтөөдө айтылган ишканалар тууралуу маалымат жыйын берип жатат.

Анда ал иниси Шайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшыра турганын айтты.

«Мен инимди шайлоо алдында мамлекеттен чыгарып жибергем. 2-3 күн калганда Кыргызстанга келди. Эки күн эл менен жолукту, эл тарабынан шайланып келди. Кечээ күнү Шайырды чакырып айттым. Сен саясатчы болбой эле кой дедим. Ушул аптада Жогорку Кеңештин жыйынында мандатын тапшырат. Ташиевдердин үй-бүлөсүндө эки же үч саясатчы болбойт. Мен саясаттан кеткенден кийин келе беришсин»,-деди Ташиев.

Количество просмотров: 3538