• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташиев иш сапары менен Катар мамлекетинде жүрөт

21 Тогуздун айы 202414:57 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев иш сапары менен Катар мамлекетинде жүрөт.

Ташиев иш сапарынын алкагында Катардын вице-премьер-министри — коргоо министри Халед бен Мухаммед Ал-Атия менен жолукту. Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө маселеси талкууланды. Ошондой эле жолугушууга эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери дагы катышты.

Халед бин Мухаммад Аль-Атия да Камчыбек Ташиевге заманбап курал-жарактардын үлгүлөрүн көрсөтүп, техникалык мүнөздөмөлөрү менен тааныштырды.

Количество просмотров: 117