• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Ташиев күрөөканаларды текшерүү керектигин айтты

25 Бештин айы 2023 15:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн КР УКМКнын Чүй облусу боюнча Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, 2023-жылдын акыркы чоң тапшырмаларынын бири катары күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу талабын айткан.

«Анткени насыяга акча берүүчү күрөөканалардын кызматын карапайым адамдар пайдаланып, алардын жогорку пайыздык үстөк кошууларын төлөй албай, жабыркап, турак жайынан, мал-мүлкүнөн ажырап жаткандыгы айтылды. Андыктан төрага Улуттук банкты өлкөдөгү күрөөканалардын ишмердүүлүгүн лицензия боюнча текшерүүгө алууга чакырып, ар бир күрөөкана үстөк пайызын 30%дан ашырбоосу керектигин билгиледи. Талапка баш ийбеген күрөөкана ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди»,-деп жазылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 113