• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Ташиев Кара-Суу базары мамлекетке өтө турганын айтты

27 Үчтүн айы 2024 14:47 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы Кара-Суу базары толугу менен мамлекеттин менчигине өтө турганын бүгүн, 27-январда Кара-Суу базарына барган учурда айтты.

«Мамлекеттик программанын негизинде Кара-Суу базары толук мамлекеттин менчигине өтөт. Мурда менчик ээлери бир, эки, үч, беш гектардан ээлеп алган байлар бар, ал жерлердин баары мамлекетке кайтарылат. Элге керектүү чоң соода борборлору түзүлөт. Ошол соода борборлордун ичинен кызыл китептери барларга менчик катары жерлерди бөлүп беребиз. Жылуу-жумшак отуруп, соода кыласыңар. Мунун баарын мамлекет жасайт. Акчасы көптөр, криминалдар мурдагыдай сатып ала алышпайт. Эч кандай байлар, криминалдар, акчасы көптөр коркута албайт. Эч кимди эч ким сатып ала албайт азыр», — деди Ташиев.

Количество просмотров: 115