• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Ташиев ӨКМге техникаларды тапшырды

31 Үчтүн айы 2024 12:47 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигине техникалар тапшырылды. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аземге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев катышты.

«Бүгүнкү күндө мамлекеттин колдоосу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине заманбап атайын техникаларды өткөрүп берип жатабыз. Мен бир кезде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштегем жана ошол кездеги министрликтин техникалык жабдыктарын жакындан билген, көргөн адам катары азыр абал көп эсе жакшы жакка өзгөрдү деп ишенимдүү айта алам», — деди Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары акыркы үч жылда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына 700дөн ашык заманбап унаалар берилип, авариялык-куткаруу кызматынын жабдыктары толугу менен жаңыланганын белгиледи.

«Бүгүн биз Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 28 даана атайын техника өткөрүлүп берилгенине күбө болдук, анын ичинен 10 даанасы Беларустан алынып келинген БЕЛАЗ-7540Б үлгүсүндөгү чоң самосвал, 4 заманбап медициналык жана 4 өрт өчүрүүчү машина жана башка заманбап куткаруу техникасы. Куткаруу шаймандары алууга республикалык бюджеттен 35 млн сом бөлүндү», — деп баса белгиледи Камчыбек Ташиев.

Жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин берилген техникага аяр мамиле жасоого чакырды жана бир катар тапшырмаларды берди, атап айтканда, жасалма интеллекттин жардамы менен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, Android операциялык тутумунун билдирүүсүнүн мисалында республиканын жарандарына табигый кырсыктар, анын ичинде жер титирөөлөр жакындап келе жаткандыгы жөнүндө эртерээк эскертүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Количество просмотров: 65