• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташиев: Коррупция кылгандар сөзсүз абакка түшүш керек

19 Аяк оона 202410:16 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда коррупция азайганын, бирок толук жоюлбай жатканын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын жетекчиси 18-сентябрда Баткендин Кадамжай районунда УКМКнын бөлүмдөрүнүн жаңы имаратын ачуу иш-чарасында айтты.

“Коррупцияга шектелип кармалган бирөө-жарымды алып келип эки, төрт, алты айга камап тергөө иштерин жасайбыз. Алар “туура ушуну кылдык” деп кылмыш ишин моюнга алышат. Андан кийин тергөө органдары менен кызматташууга барышат. Анын баары мыйзам чегинде. Иш сотко өткөндө сот аларды айып пул менен бошотуп коюуда. Айып менен бошогон коррупционер бир же эки жылдан кийин эле кайра мамлекеттик кызматка келип алып мурдагы ишин жасап атат. Ошондуктан биз мыйзамдарга өзгөртүү киргизебиз. Мындан ары коррупция же башка кылмыш кылгандар тергөө менен кызматташууга барса болот бирок мыйзамда каралган жазанын жок дегенде жарымын түрмөдө өткөзүшү зарыл. Андан сырткары коррупция кылгандар жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалангандар сөзсүз абакка түшүш керек. Эч ким түрмөдөн качып кетпеши керек. Ушундай гана катаал жаза менен коррупцияны токтото алабыз. Пара алуу, пара берүү жана коррупция менен кармалгандар кайра мамлекеттик кызматка келбеши керек. Ошондой эле коррупция жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу менен кармалгандардын жакындары, бала-чакасы, ата-энеси, бир туугандары мамлекеттик кызматка алынбашы керек. Коррупционерлер өзүн ойлобосо да жакындарын ойлосун”, – деди Камчыбек Ташиев.

Камчыбек Ташиев мындай кылмыштар үчүн соттолгондорго жаза мөөнөтү азыркы мыйзамда кандай каралса ошол эле бойдон кала турганын жана алар мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулбайт деген талаптар кошуларын айтты.

Количество просмотров: 86