• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Ташиев: Коррупцияга аралашып, туура эмес иштерди жасагандардын жазасын беребиз

3 Бештин айы 2023 13:09 Бишкек Govori.TV

Коррупцияга аралашып, туура эмес иштерди жасагандардын жазасын беребиз. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарынын маданият үйүнүн жаңыланган имаратынын ачылышында билдирди.

«Коррупционерлер мамлекетте эң урматтуу адамдар болуп калган. Коррупционерлер — булар мамлекеттик органдардын башына келип алып, өлкөнүн, элдин ырыскысын талап тоноп жегендер. Бул мода болуп кеткен. Аким, губернатор, министр, же болбосо башка «майлуу» кызматтарга максаттуу түрдө «жегенге» барып калышкан. Пара берип мамлекетти тоногон жөнөкөй көрүнүшкө айлана баштаган. Мындан ары андай болбойт. Мамлекетти тоногондорду, коррупцияга берилгендерди, жогорку кызматтарда отуруп алып элдин ырыскысын жегендердин баарын түрмөгө камадык. Мындан ары да ушундай болот. Коррупцияга аралашып, туура эмес иштерди жасагандардын жазасын беребиз. Мындан ары мамлекетибизде мыйзамдуулук гана болот. Мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылат, мыйзамды сыйлаган адамды мамлекет да сыйлайт», — деди Камчыбек Ташиев.

Теги:
Количество просмотров: 175