• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ташиев: Коррупцияга каршы күрөштөн 4 млрд сом чогулду

26 Жалган куран 2021 16:35 Бишкек Govori.TV

Коррупцияга каршы күрөштөн 4 млрд сом чогулду. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, күн сайын мамлекеттик бюджетке мыйзамсыз байыгандардан акча түшүп жатат.

«Биз ачык иштеп жатабыз. Себеби УКМКнын башында мен отурам. Биз коррупционерлер келтирген зыянды аныктап, алар тергөө менен иштешүү келишими аркылуу аныкталган сумманы төлөп берип жатышат. Алардын баарын кантип камайбыз? УКМКнын СИЗОсунда 70 орун бар. Кечээ мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган депутат Марат Аманкулов бир бөлүгүн берди. Жакында канча айып төлөгөнүн жарыялайбыз. Ошондой эле бир сот 70 млн сом төлөдү. Мындан сырткары Бабанов да бюджетке 100 млн сом которду. Ким жардам берем десе биз баш тартпайбыз, Өмүрбек Токтогулович колунда бар киши, берем десе бере берсин да», — деди Ташиев.

Ошондой эле ал коррупционерлерден түшкөн акчалардын тыйынына чейин бюджетке которулуп жатканын кошумчалды.

Количество просмотров: 430