Москвадагы «Крокус Сити Холлдо» болгон теракт боюнча УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жазды.
Ташиев бул окуядан улам Орусияда мигранттарга каршы маанайдын жаралуусуна жол берилбесине үмүт кыларын билдирди.
«Кыргызстан «Крокус Сити Холлдогу» окуяга терең кайгыруусун билдирет. Террорчулардын улуту болбойт. Улуттук касчылыкты козуткусу келген террорчул уюмдарга жетеленип бүтүндөй бир улутту айыптоого, Орусиядагы мигранттарга каршы маанайдын түзүлүшүнө жол берилбеши керек. Өзүм тараптан Тажикстандын атайын кызматынын чынчыл экенин белгилеп кетейин. Алардын террористтик жана экстремисттик уюмдарга каршы күрөшү тынымсыз уланып жатат. Азгыргандардын таасирине бардык эле өлкөнүн жарандары кабылып калышы ыктымал эле. Теракт уюштурууга буйрутма бергендер бир өлкөнүн жарандарын жөн жерден тандап алган жок. Достук мамиледеги мамлекеттердин атайын кызматтарынын биргелешкен аракеттери “псевдоисламчылардын” кылмыштуу ниетинин ишке ашуусуна жол бербейт деп ишенем”,-деп жазды Ташиев.
22-март кечинде Москвадагы «Крокус-Сити Холл» имаратында бир канча камуфляжчан адамдар автоматтан ок чыгарган. Соңку маалыматтарга караганда, каза болгондордун саны 144кө, ал эми жараат алгандардын саны 382ге жеткен.