• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташиев «Кумтөр» боюнча мурдагы президенттер да жоопко тартылышы мүмкүн дейт

2 Кулжа 202115:53 Бишкек Govori.TV

Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупцияга байланыштуу жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки териштирүү алкагында Кыргызстандын мурдагы президенттери да жоопко тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу 2-июнда Жалал-Абадда иш сапарында жүргөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Ал жерде көптөгөн мурдагы премьер-министрлер, спикерлер бар. Депутаттар, мамлекеттик чоң кызматта иштегендер бар. Керек болсо, мүмкүн, биз кээ бир мурда иштеп кеткен президенттерди да жоопко тартабыз. Себеби алардын түздөн-түз тиешеси бар”, — деди Ташиев.

Количество просмотров: 456