Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу маселелер толук чечилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, эми кыргыз-өзбек чек арасында талаштуу деген тилкелер болбойт.
«Эки өлкөнүн ортосунда талаштуу жерлер көп болчу. Ар бир сотук жер эки тарапка тең керек. Чек ара маселесин сүйлөшүү жемиштүү болду бирок ошол эле учурда оор болду. Сүйлөшүүлөр саат түнкү 2лерге чейин жүрдү. Делимитация жана демаркация боюнча комиссиянын отурумунун жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Кыргыз-өзбек чек арасындагы бардык талаштуу аймактар чечилди. Эми талаштар болбойт», — деди ал.