• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ташиев Мадумаровго: «Оозго келгенди оттой бербегиле!»

17 Жетинин айы 2022 12:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште Кыргыз-өзбек чек арасын ратификациялоо маселеси каралып жатат.

Депутат Адахан Мадумаров «Кемпир-Абад» маселесинин шылтоосу менен Жогорку Кеңеш жаңы регламентке ээ болуп калганын айтты.

Мындан сырткары өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталбай жатканын жана сөз эркиндигин билдиргендерге басым жасалып, камалып жаткандыгын сынга алды.

Мындай сынга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн нааразылыгын айткандардын ниети түз эмес экенин айтып, «оозго келгенди оттой бербегиле» деп жооп айтты.

Количество просмотров: 1177