Кыргызстанда «мафиялык түзүлүштөргө» каршы күрөш уланууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжде сүйлөп жатып айтты.
«Коомдо олигархтар, мамлекеттик ууру чиновниктер, криминалдык топтор пайда болгон. Ушул үч топ биригип, «мафиялык түзүлүштөрдү» түзгөн. Бүгүнкү күнгө чейин күрөшүп келе жатабыз, биз алардан арылабыз. Мамлекеттик олигархтар коомду башкарбашы керек», — деди Ташиев.
УКМК төрагасы ошондой эле мамлекетти талап-тоногон чиновниктер бай жашап, коомго таасирин тийгизбеши керектигин кошмчалады.