• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Ташиев мамлекеттик тууну өзгөртүүнү колдой тургандыгын билдирди

26 Тогуздун айы 2023 17:41 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик тууну өзгөртүүнү колдой тургандыгын билдирди. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ташиев бүгүн президент Садыр Жапаровдун жетекчилигинде Жалал-Абад шаарында Аюб-Тоосунун боорунда бийиктиги 50 метрди түзгөн Кыргыз Республикасынын желеги көтөрүлгөндүгүн айтып, буларга токтолгон.

«Эки күндөн бери туубузду өзгөртсөк болобу же болбойбу деп талкуулап жатасыздар, менин пикирим боюнча өзгөртүшүбүз керек. Туубузга карап түздөлөбүз, урматтайбыз, мамлекетибизди туу аркылуу таанышат, демек күн карама болбостон тике тийген күндөй жаркыраган белги берилиш керек. Мен мамлекетибиздин туусун өзгөрткөндү колдоймун. Кундун нурундай жаркыраган туубуздун алдында бир муштумдай бирдиктүү бололу», — деген Ташиев.

Количество просмотров: 122