• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ташиев Масалиевди «Билип туруп сурай бересиңер» деп сындады

17 Жетинин айы 2022 12:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасын ратификациялоо маселеси каралып жатат.

Депутат Исхак Масалиев эл аралык келишимге кимдин кол койгонуна кызыкты.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тышкы иштер министри кол койгонун айтып, депутатты билип туруп эле сурай берүүсүн айтып, сынга алды.

Масалиев мындай келишимдерге министрлер кабинетинин төрагасы кол койсо туура болоорун билдирди.

Ал арада президент сөз сүйлөп, мындай келишимдерге буга чейин тиешелүү тараптардан кол коюлган учур болгонун эске салды. Президент дагы «билип туруп сурай бересиңер», — деген пикирин кошумчалды.

Количество просмотров: 304