УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев камактагы мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдон 200 млн доллардай каражат алынарын билдирди.
Ташиевдин айтымында, Матраимов жакында эле 16 млн долларлык мүлкүн өз ыктыяры менен өткөрүп берген.
“Мурдагы күнү Матраимовдун бир кеңсесин 16 млн долларга саттык. Азырынча ал өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Азыр иштеп жатабыз, сот органдары жана өз ыктыяры менен биздин эсептегенибиз боюнча 200 млн доллардын тегерегинде алышыбыз керек. Ал бир нече кишиге кайра сатып жиберди же каттатты делген мүлктөрүн дагы алабыз. Мунун баары сот органдары аркылуу ишке ашырылат”, — деди Ташиев.