• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Ташиев: Матраимовдун моюнуна 200 млн доллар “илинген”

17 Бугу 2024 9:23 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев камакта жаткан Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов моюнуна 200 млн доллар “илингенин” айтты.

“Биз Райымбек Матраимовдорду биринчи кармаганда 2 млрд 200 млн сом төгүп чыгышкан. Ошондо “мындан ары криминалдык аракеттерди жасабагыла, мамлекетти талап-тонобогула, Бажы кызматына жарым кадам да жакындабайсың” деп жеке өзүм шарт койгом. “Макул” деп кетишкен. Жарым жыл, бир жыл карадык кайра эле баштап алышты. Бажыдагы кадрлары аркылуу мурдагыдан да көп уурдай баштады. Бандиттер, Ысык-Көлдөгү мыйзамдагы ууру Көлбаев менен дос болуп кетишти. Кошулуп алышып ишкерлердин баарын коркутуп-үркүтүштү. Биз анан чара көргөнгө мажбур болдук. Бүгүнкү күндө Райымбек Матраимовдун моюнуна 200 млн доллар “илинген”. Бул деген 19-20 млрд сомго жакын акча”, — деди ал.

 Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген.

Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 106