• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ташиев менен Жапаровдун тиреши. Саясат талдоочу бир нече аргументтерди келтирди

29 Аяк оона 2022 9:54 Бишкек Govori.TV

Саясат талдоочу Айданбек Акматов Фейсбуктагы баракчасына акыркы саясий окуялар боюнча пикирин жазды.

Анын айтымында, парламенттеги кырдаал бийликтин жогорку эшелонунда карама-каршылык абдан күчөп, кырдаал татаалдашып келатканын кабарлайт.

«Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жабык жыйынында Баткендеги кырдаал боюнча Камчыбек Ташиевдин дарегине карата абдан катуу сындар айтылып, парламентке автомат көтөрүп келгени үчүн кечирим суроо талабы коюлган. Ташиевге каршы чабуулдун башында турган төрага Мамытов Ташиевдин парламенттеги «чоролорун» да зекип, «Ташиевди аңга алып баратасыңар» урдурган. Парламенттеги бул кырдаал бийликтин жогорку эшелонунда карама-каршылык абдан күчөп, кырдаал татаалдашып келатканын кабарлайт. Мындай шартта Садыр Жапаров досу Ташиевди колдоп, төрага Мамытовду түртүш керек же Мамытовду колдоп, Ташиевди түртүш керек. Ташиев менен Садыр Жапаровдун ортосу да жакшы эмес. Булардын тиреши тууралуу бүгүнкү эки окуя да кабар берет. Биринчиси, Ташиев коррупцияга аралашкан деп көп жазган, иликтөөлөр жүргүзгөн Болот Темировдун соттон акталышы. Темировду жабууга Ташиев көп аракет кылып келет. Өчөшүп алган. Соттор кантсе да президенттин көзүн карайт. Темировдун акталуусунун бир себеби кайдан экенин ушундан байкоого болот. Ташиев тараптан да сокку урулду. Ташиевдин «Ата журт» фракциясынын лидери Нурланбек Шакиев «Кумтөр алтынынын чыгарылышы» боюнча депутаттык комиссия түзүүнү көтөрүп чыкты. Алтын маселесин Бөлтүрүк менен Садыр Жапаров көзөмөлдөгөнү белгилүү. Жогорку Кеңеш жабык жыйында Кумтөр алтыны боюнча депутаттык комиссия түзгөн. Ага 11 депутат мүчө болгонун «Кактус» жарыялады»,-деп жазган Акматов.

Количество просмотров: 1925