• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Абактагы Айданбек Акматовдун абалы тууралуу жакындары кат жазды

25 Жалган куран 2023 9:38 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад маселеси боюнча абакта отурган Айданбек Акматовдун анын ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдү айтып, кат жазышты. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:

Абакта отурган Aidanbek Akmatovдон кат…

«Таалай кант диабетинен жабыркайт.Бул оору диета сактоону,убагында даары ичүүнү жана кыймылды талап кылат.Кант диабети мүнөздөп тамактануудан сырткары жылуулукту,камкордукту да талап кылат.Өзгөчө суукта,кыш күндөрү буту-колдор какшап,сыздап ооруйт.Түрмөдө кайдагы камкордук,диета,жылуулук,мүнөздөп тамактануу болсун?!

Бишкектин СИЗОсунда күз,кыш бою жаткан Таалайдын буттары какшап,сыздап ооруп,кыштын узун суук түндөрү бутуна “грелка” коюп жатып жүрдү. “Грелка” да бат муздайт. Аны туруп алмаштыруу керек. Кайра суу кайнатып,муздаган сууну алмаштырганча кайра үшүп калат…Таалайдын өңүнөн азап тартканы байкалып турат. Бирок Таалай чыныгы кыргыз катары сурагандарга “жакшымын” деп коёт.

Таалай Мадаминовдун СИЗОго түшуүсүнүн себеби Кемпир-Абад маселеси. Ал дагы 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абадды кантип сактап калуу боюнча жыйынга катышкан. Анын болгон күнөөсү ушул. Ошол 22-октябрдагы жыйында Таалай Мадаминов сүйлөгөн да эмес. Бирок ал кайдыгер болгон эмес. Көздөй болгон жердин,көлөмү жагынан өлкөдөгү ЭКИНЧИ СУУ САКТАГЫЧТЫН,анын кереметтүү жээктеринин, ата-бабалардын издери калган суу сактагычтын астындагы жерлердин кетип жатышына,Кыргызстан колунан эң бир уникалдуу рычагды,стратегиялык мааниси ар тараптуу жердин чыгарып жатышына кайдыгер болгон эмес. Таалайдын бийлик башчылары алдындагы болгон күнөөсү ушул. Болгону ушул. Аны жыйынга катышканы үчүн баары менен кошо түрмөгө тыгып,БЕШ АЙДАН ашык убактан бери аёсуздук менен кармап жатышат.

Мына ошол беш айдын ичинде баарын сыяктуу эле Таалайды 2-3 жолу гана суракка чакырышты. Андан башка тергөө амалдары өткөрүлгөн жок.

Болгону СИЗОнун сыз жана көк баскан абагында ооруу адамды кыйноо гана жүрүп жатат.

Күнөөсүз,оору адамды абакка салып кыйноонун күнөөсү кимге жүк болот?Жогортон буйрук аткарган ички иштер министирлигинин тергөө тобунун башчысы Жапековгобу?Же анын жетекчиси министиргеби?Же министирдин жетекчиси президенткеби?Же Султан Сулаймандын Сүмбүлүндөй делбектеп бийликтин буйругун гана аткарган сотторгобу?

КЫЙНООНУ ТОКТОТКУЛА!!!
АДАМ БОЛГУЛА!!!

Күнөөсүз саясий туткундарды БОШОТКУЛА!!!

Айтмакчы,кайсы бир нормаларга ылайык кант диабети менен жабыркагандарды абакта кармоого болбойт экен…»

Айданбек Акматов
СИЗО #1 Бишкек
23.03.2023

Эске салсак, өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан жыйырмадан ашуун адам жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Количество просмотров: 370