• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Айданбек Акматов: Журналисттерди камоо аң-сезимге сыйбаган көрүнүш

19 Үчтүн айы 2024 11:50 Бишкек Govori.TV

“Кемпирабадчылар” журналисттердин кармалышын кескин айыптайбыз. Мындай пикирин камактагы журналист жана саясат талдоочу Айданбек Акматов 18-январь күнү Биринчи май райондук сотуна жеткирилген учурда билдирген.

«Бул туура эмес кадам, конституциялык укуктарды бузуу деп эсептейбиз. Журналисттерди камоо азыркы заманда аң-сезимге сыйбаган көрүнүш, бул иш токтотулушу керек. Сөз эркиндигине кысым болбошу керек»,-деген Акматов.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынды.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алып, кое берген.

Количество просмотров: 119