• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кемпир-Абад иши: Бекназаров, Кадыров жана Акматов камакта калды

3 Бугу 2023 17:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-майда Бишкек шаардык соту саясатчы Азимбек Бекназаров, Кубанычбек Кадыров, журналист Айданбек Акматов жана жактоочу Темир Махмудовдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Соттун чечимине ылайык, алар 20-июнга чейин камакта болот.

Шаардык сот кечээ, 2-майда жарандык активист Эрлан Бекчоро уулунун жана саясатчы Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова жана Бектур Асановдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз каралып, райондук соттун чечими күчүндө калды. Алар 20-июнга чейин камакта болот.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованы, мурдагы депутат Асия Сасыкбаеваны, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловдун, «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү Улукбек Маматаевди, активист, активист Таалайбек Мадеминовду, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарган.

Эске салсак, өткөн жылдын 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, 20дан ашуун саясатчы жапырт кармалган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 142