УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жолдоп, бир катар маселелер боюнча өз пикирин айтты.
«Жаңы жыл боюнча бир-эки жеке оюм бар. Жаңы жылда салюттарды атып жатабыз. Ушуну токтотушубуз керек. Жок дегенде, мамлекеттик мекемелер токтотуу керек. Корпоративдик кечени өткөрүүнү УКМКда тыюу салгам. Калган баары өткөрүп жатат. Мамлекеттик органдар тарабынан миңге жакын кече уюштурулат экен. Бир кечеге эң аз дегенде 10 миң доллардан акча кетсе, демек, баарына 10 миллион доллар акча кетет. Буга 200 адамга батир сатып алууга болот. Президент, спикер, МинКабдын башчысы элди куттуктасын, калган министрлер силер эмне куттуктап жатасыңар? Же силер эмне президенттен кыйын куттуктайсыңарбы?», — деди ал.