• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ташиев: Мурдагы жетекчилер чек ара маселесин чечүүгө аракет кылышкан эмес

25 Жалган куран 2022 15:15 Бишкек Govori.TV

Мурдагы жетекчилер чек ара маселесин чечүүгө көп аракет кылышкан эмес. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 25-мартта УКМКнын Чек ара кызматына жана ӨКМге техникаларды тапшыруу аземинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Кыргыз-тажик чек арасында кооптуу абалдар түзүлүп турат. Себеби чек ара көйгөйү акыркы 30 жылдан бери чечилбей келген. Мурдагы жетекчилер аны чечүүгө көп аракет кылышкан эмес. Бирок биз былтыркы жылдан бери президенттин көрсөтмөсүнүн негизинде аракеттерди жасап жатабыз. Мыйзам чегинде гана чек ара тилкесиндеги маселени чечели деген оюбуз бар. Бизде башка мамлекеттин чегине кирели деген ниет жок жана андай болбойт»,-деди Ташиев.

Количество просмотров: 161