• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ташиев: Мурдагыдай жердешчилик, тууганчылык, досчулук деген жок

20 Теке 2023 12:03 Бишкек Govori.TV

Ким мамлекеттик кызматта иштеп, коррупцияга аралаша турган болсо, ар бири жоопко тартылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 20-июлда Министрлер кабинетинин жыйынында айтты.

«Ким мамлекеттик кызматта иштеп, коррупцияга аралаша турган болсо, ар бири жоопко тартылат. Ошондуктан мамлекеттик кызматка келерден мурун ойлонгула. Таза иштей албасаңар, анда мамлекетке иштебей эле койгула, бизнес менен алектенгиле, бала-чакаңарды баккыла, ойногула-күлгүлө. Мамлекеттик кызматта бекер эле өзүңөрдү да, башканы да кыйнабагыла. Мындан ары чаралар катуу болот. Иштен кеттим, билинбей калат дебегиле » , — деди Ташиев

Количество просмотров: 145