• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ташиев Оштун мэрине президенттин атынан унаа белек кылат

8 Теке 202517:17 Бишкек Govori.TV

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин ишин мактап, президенттин атынан ага унаа белек кыла турганын айтты. Видеону Ош мэриясынын басма сөз кызматы жарыялады.

«Бизде беш жаңы машина бар. Ошонун бирөөсүн мэрге белек кылалы. Азыр алып келип, жууп-тазалап лента байлап койгула. Эртең чогулушка алып келгиле. «Мэрге жакшы иштегени үчүн президенттин атынан автоунаа белек кылып жатабыз» деп элдин, жетекчилердин көзүнчө айтайын», — деди Ташиев.

Шаар башчысы атайын кызматтын төрагасына Ош шаардык төрөт үйүнүн айланасындагы аймакты оңдоп-түзөө жана көрктөндүрүү иштерин көрсөттү.

Количество просмотров: 225