Парламенттик шайлоодо бийликтин партиясы келбей калышы мүмкүн. Мындай пикирди экс-депутат Камчыбек Ташиев «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, саясатчылар 2020-жылы шайлоодо бийликтин партиясы келет деп коркпош керек.
“Биз мыйзам кабыл алгандан кийин аны аткарышыбыз керек. Убагында мамлекетте туруктуулук болот, парламентти эки партия башкарат деген сыяктуу лозунгдар менен 9 % кабыл алышкан. Аталган пайыз иштей электе, ошол эле депутаттар шайлоодогу босого чекти 5 % га түшүрөбуз деп жатышат. Кагазга жазып, эртең алмаштыра берген болбойт. 9% га добуш бергенден кийин ошол чек менен парламенттик шайлоо өткөрүп көрөлү. Саясатчылар эмне үчүн бийликтин партиясы келет деп коркушубуз керек. Тескерисинче бийликтин партиясы келбей калышы дагы мүмкүн. Буга 2010-жыл мисал боло алат”,-деди Камчыбек Ташиев.