• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ташиев, Сарыбашов, Ырсалиев. Аянтка күрөш күйөрмандары чогулду

3 Баш оона 202115:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-августта борбор калаанын “Ала-Тоо” аянтында Олимпиада оюндарына катышып жаткан балбандардын беттеши түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Аянтка УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов, биринчи вице -мэр Жамалбек Ырсалиев жана күрөш күйөрмандары чогулду.

Кошумчалай кетсек, бүгүн грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов финалдык беттеште алтын медаль үчүн күрөшсө, Айсулуу Тыныбекова жарым финалда килемге чыгат. Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күч сынашат.

Количество просмотров: 517