«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасs Бишкектин борборун ыңгайлуу жана жагымдуу кылууну сунуштоодо.
Архитекторлор Бишкектин борбордук бөлүгүндө бир катар сейил бактарды жана эс алуу жайларды курууну пландап жатышат. Бүгүн ББА Ала-Тоо аянтын жандандыруу боюнча өз сунуштары менен бөлүштү. Декоративдүү жерлерди функционалдуу кылып, башкача айтканда, бул жерлерди адамдарга ыңгайлуу кылуу зарыл экендиги белгиленет.
Кышында аянтта шамал соккон муздак жер болсо, ал эми жайында Бишкектин эң ысык жерине айланат. «Бишкекбашкыархитектура» бул көйгөйдү чечүү жолдорун да сунуштайт.
Маалыматта кошумчалангандай, аянтта жашыл мейкиндиктерди көбөйтүү, автоунаалар үчүн токтоочу жер алдындагы жайларды алып салуу да пландалган.
«Бишкекбашкыархитектуранын» сунуштарынын дагы бири – кышкысын муз үстүндө, ал эми жайында – роликтерде, скейтборддордо жана башкаларда коньки тебе турган аянтча уюштуруу.
Сунушталып жаткан планда Жогорку Кеңештин мурда тосмолору жайгашкан жер да, тагыраагы имараттын алдында да коомдук жай керек. Адистер аянттын айрым жерлеринде жол кыймылын жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылын уюштурууда кетирилген кемчиликтерди жана ыңгайсыздыктарды жоюу, курулуштагы каталарды оңдоо зарыл деп эсептешет. Биринчи кезекте тосмолор алынып, кесилиштер жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу болушу керек.
«Жөнөкөй ыкмалардын жардамы менен эки кесилиште тартипти калыбына келтирүүгө болот», — деп билдиришет мекемеден. Ошондой эле «Бишкекбашкыархитектура» көрнөк-жарнактар, баннерлер жана киножарнамалардан арылууну сунуштайт.
Белгиленгендей бул долбоор буга чейин министрлер кабинетинде ийгиликтүү сунушталып, көрсөтүлгөн. Бирок, бул өзгөрүүлөр качан башталаары жана ага канча каражат сарпталаары белгисиз.