Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүндө 75 орунга ылайыкташылган заманбап төрөт үйү курулат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-мартта аталган төрөт үйүнө капсула салуу аземи өтүп, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы — УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
ӨКМден белгилешкендей, төрөт үйүн курууга жеке ишкерлер тарабынан 270 млн сом акча каражаты бөлүнүп, жергиликтүү бийлик тарабынан 3 гектар жер аянты каралган. Курулуш иштери ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча механикалаштырылган базасы тарабынан жүргүзүлмөкчү.
Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалып, анын жүрүшү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө болмокчу.