• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

Ташиев таңкы 5те ишке чыккан кайгуул кызматкерин сыйлады

13 Кулжа 2024 12:48 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Патрулдук милициянын кызматкери Амангелди Көлбаевге сыйлык тапшырды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Амангелди Көлбаев бүгүн тан эрте жол кыймылын көзөмөлгө алып турган. Аны ишке бара жаткан Камчыбек Ташиев саат 05:30дар чамасында көрүп, жолдо андан башка кайгуул кызматкерин жолуктурган эмес.

“Ар бир мамлекеттик кызматкер Кыргызстан үчүн берилгендик менен, ар бир саатын кызмат үчүн арнап, талыкпай эмгек кылууга милдеттүү”- деди Ташиев.

Сержант дароо УКМКга чакырылып, ага 100 миң сом сыйлык жана эркектердин кийимин саткан белгилүү Gutteridge брендинен белек тапшырылган.

Количество просмотров: 176