Бүгүн, 24-декабрдаУлуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп жатат.
Анын айтымында, УКМК коррупция жана кылмыштуулук менен жигердүү күрөшүп жатат.
«Уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында «Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаев (Камчыбек Асанбек) кармалды. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун активдүү беш мүчөсү колго түштү. «Чач» каймана аты менен белгилүү Мурзахметовдун уюшкан кылмыштуу тобунун ИИМ кызматкерине жана жарандарга карата куралдуу кол салууга аракет кылган фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат. УКМК мындан тышкары “Дженго” каймана аты менен таанымал кримавторитет Кадыр Досоновго издөө жарыялады. Ишкерлерди кысымга алгандарга дагы катуу чаралар көрүлөт»,-деди Ташиев.
Ташиев мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жоюу, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана кылмыш көрүнүштөрүн жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) Камчыбек Ташиев жетекчи болуп дайындалган. Ал бул кызматка 16-октябрда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен барган. Ташиев кызматка киришкенден бери журналисттерге экинчи ирет маалымат жыйын өткөрүп жатат.