• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ташиев: Ворух анклавына эч кандай коридор берилген жок!

6 Бугу 2021 16:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын министрлер кабинети Тажикстан менен чектеш аймактардын чек ара линиясынын долбоору кайсы карта менен аныктала турганын кабарлады. Ага ылайык, эки тарап №43 — №61, №135 — №141 чек ара чекиттеринин долбоордук тилкесин чийип чыгууну, ал үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн, 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин колдонуу тууралуу орток пикир табышкан. Дал ушул жагдайдан улам, соцтармактарда “Ташиев Ворухка коридор берип коюптур” деген пикирлер айтылган.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “Саясат.kg” маалымат агенттигине билдирүүдө айтылган жагдайларды чечмелеп берген.

«Кыргыз-тажик чек арасы боюнча оор кырдаалда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алганыбыз чын. Ага ылайык, 5-майдан 9-майга чейин №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейин, №135 чек ара чекитинен №141 чек ара чекитине чейинки бөлүктөр боюнча чек ара тилкесин чийип, жазуу иштери жүргүзүлөт. Мына ушул тилкелер боюнча гана 1924-ж., 1927-ж. жана 1989-жылдагы карталар пайдаланылат. Дагы бир жолу баса белгилейм, аталган жылдардагы карталар №43 чек ара чекитинен №49га чейин жана №135тен №141ге чейинки чек ара чекиттерин тактоодо гана колдонулат, Ворух анклавынын буга эч кандай тийешеси жок. Бул биринчиси. Экинчиден, Ворух анклавына эч кандай коридор берилген жок. Тажикстандын жарандарынын каттоосу үчүн Баткен районунун Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтө турган автожол колдонулат. Жол Баткен районунун карамагында болот, бул документте так жазылып турат. Бул жолдун статусу эки мамлекеттин ортосундагы өзүнчө мамлекеттик макулдашуусу менен аныкталат. Б.а. Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттер аралык келишими менен бекитилет. Үчүнчүдөн, биз качан гана анклавдын тегерек чети толук делимитация, демаркациядан өткөндөн кийин гана жолду пайдаланууга уруксат беребиз. Ворух анклавынын тегерек-четин тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өз алдынча жүрмөкчү. Калган участоктор өзүнчө, Ворух боюнча өзүнчө келишимге келебиз. Ошондуктан, сабырдуу болуп, такталбаган маалыматтарды чыгарбай турсак. Бизге башка мамлекеттин бир метр да жеринин кереги жок, бирок, биз дагы бир метр жерибизди бербейбиз! Өлкө жетекчилиги, биз, бардыгыбыз мына ушул позицияда болобуз жана аягына чейин турабыз»,-деп билдирген ал.

Количество просмотров: 267