• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ташиев жабык эшик артында кайсы маселелер талкууланганын айтты

3 Жалган куран 2022 19:00 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жабык эшик артында өткөн жыйынында кайсы маселелер каралганы тууралуу айтып берди.

«Бүгүнкү жабык эшик артында каралган маселердин эң негизгиси, бүгүнкү күндөгү дүйнөдө болуп жаткан чоң өзгөрүүлөргө каршы биздин мамлекеттин туруктуулугу жана эгер биздин өлкөдө ошондой кырдаал түзүлө турган болсо аны чечүү жолдору болду. Депутаттардын көптөгөн суроолоруна жооп берип, баяндама жасадык», — деди Ташиев.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин 3-марттагы жыйынында Украинадагы кырдаалга байланыштуу экономика жана валюта базары көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат жабык эшик артында каралган эле.

Количество просмотров: 4231