• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ташиев: Жакынкы күндөрү дары-дармек арзандайт

13 Тогуздун айы 2021 14:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жакынкы күндөрү дары-дармектин баасы арзандайт. Бул тууралуу 13-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын милдетин аткаруучу Камчыбек Ташиев парламент жыйынында билдирди.

Ташиев фарммафияга мамлекеттик кызматта иштегендер да аралашып кеткенин белгиледи.

“Департамент өкүлдөрү өз функциясын аткарып, дары-дармектин арзандыгын камсыз кылбай тескерисинче, кымбат кылуу менен пара алып, уюшкан финансылык мафия түзүшкөн. УКМК фарммафияны толук көзөмөлгө ала баштады. Департаменттин үч-төрт адисин, фармкомпаниялардын чоң мафияларынын бир-экөөнү тергөө абагына отургуздук. Жакынкы күндөрдө Кыргызстанда дары-дармектин баасы кескин арзандайт”,-деди ал.

Количество просмотров: 252