УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарында эл менен жолугушуу учурунда сөз сүйлөп жатып, Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан үйлөр коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөн түшкөн акчага салынып жатканын айтты.
Ошондой эле УКМКнын төрагасы МИК тарабынан салынган батирлерди бөлүштүрүү УКМКнын көзөмөлүндө экенин белгиледи.
«Бир тууган эжемдин кызы мага кат жазып, батир сурап кайрылыптыр. Ага «жээним сага квартира берилбейт. Мага сөз тийет. Биздин атыбыз чыкпасын. Башка жол менен караштыралы», — дедим. Мэр болобу, губернатор болобу тууганына бир батир алып бере турган болсо, жазалайбыз. Үй алган ар бир адамды текшерип чыгабыз», — деди ал.