• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ташиевдин аты болуш керек болчу… Сатыбалдиева анын камалышына тиешеси бар деп эсептегендердин атын атады

4 Жетинин айы 2022 12:44 Бишкек Govori.TV

Камакка алынган кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалиева өзүнүн кармалышы боюнча комментарий берип, ИИМ тараткан маалыматта Шаирбек Ташиевдин да аты жазылуусу керек болчу деп билдирди.

Сатыбалдиеванын айтымында, учурда тергөө иштери жүрүп жатат, андыктан баарын айта албайт. Ошол эле учурда ал пресс-релизде УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин жана бир тууганы Шаирбек Ташиевдин аты аталышы керектигин айтты.

«Мен тергөө үчүн унчукпай турам, чыккандан кийин баарын айтам», — деди Сатыбалдиева.

Буга чейин, журналист Санрабия Сатыбалдиева жана оператор Калыс Аширбековду кармалышы боюнча ИИМдин басма сөз кызматы маалымат тараткан. Ага ылайык, күч органдары 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынан “системалуу түрдө акча опузалаган бир катар жарандарды” эки миң доллар каражат алып жатканда кармаган. Шектүүлөр депутаттарды “2016-2017-жылдагы аудиожазуулар менен шантаж кылганы” айтылды.

Количество просмотров: 606