• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ташиевдин уулу Испаниянын «Леванте» футбол клубунда кароодон өтүүдө

15 Үчтүн айы 2021 16:48 Бишкек Govori.TV

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин 15 жаштагы уулу Эмир-Хан Кыдыршаев ушул күндөрү Испаниянын «Леванте» клубунда текшерүүдөн өтүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстан Футбол бирлигинин соцтармактагы баракчасына жазылды.

«Буга чейин ал 1,5 жыл белгилүү италиялык футболчу Паоло Росси атындагы академияда окуп, жарым жыл Перужия клубунун аймагында болуп, Италия чемпионатынын В сериясында ойногон. Кыргызстандан кеткенге чейин ал борбордун «Илбирс» футболдук клубунун базасында машыккан. Эгерде көрсөтүү ийгиликтүү өтсө, анда Эмир-Хан Кыдыршаев Испаниянын Ла Лига мелдешине катышкан биринчи кыргызстандык боло алат. Эмир Хандын ишине ийгилик каалайбыз», — деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Леванте 1909-жылы негизделген Валенсиядан чыккан кесипкөй футбол клубу. Аталган команда Испаниянын өткөн сезонунда 12-орунду ээлеген.

Количество просмотров: 642