Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзүн, үй-бүлөсүн коркуткан кат алгандыгын басма сөз жыйынында билдирген.
Андан кийин социалдык тармактарда ал каттын мазмуну жарыяланган. Коркутуу катында көзү өтүп кеткен саясатчы Чыныбай Турсунбековдун аты аталган. Ушундан кийин Ч. Турсунбековдун аялы Нуржан Давлетбекова социалдык тармактар аркылуу элге, Камчыбек Ташиевге кайрылды.
Нуржан Давлетбекова коркутуу деп аталган катта неге анын жолдошунун, өзүнүн аты аталып жатканын билбей тургандыгын, буга абдан тынчсызданганын айтты. Ал кандай максат менен анын үй-бүлөсүнө асылуулар жүрүп жатканын түшүнбөстүгүн, акыркы кезде ар кандай ушактарга анын үй-бүлөсүн аралаштыруу жүрүп жатканын билдирди.
Н. Давлетбекова эки жыл мурда кызы Айдайдын Тилекмат Күрөңов менен жазышкан катын дагы кайрылуусуна тиркеген. Ал бул иштерди кимдер жасаса да, акыры баары ачыкка чыгаарына ишенерин айтты.