Бишкек.02.05.2019.Govori.TV.
Ташкент-Балыкчы каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд 6-июндан баштап жүрө баштайт. Бул маалыматты «НК «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдирди.
Жол кире акысы вагондо 1 миң 946 сом, купеде 2 миң 461 сом, люкс-вагондо 4 миң 602 сом болуп, ичинде баардык шарттар каралган.
Белгилей кетсек, поезд жумасына бир жолу, бейшемби күнү Ташкенттен, ар ишемби Балыкчыдан каттап турат.